Жалал-Абаддагы ЦУМдан алтын уурдалды. Шектүүлөр чек арадан колго түштү

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүАлтын буюмдар. Архив
Алтын буюмдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш киши алтын уурдап Өзбекстандын аймагына өтүп кетүүгө аракет жасашкан.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Чек арачылар уурулукка шектелгендерди колго түшүргөнүн аталган кызматтан кабарлашты.

Жалал-Абад облусу боюнча Чек ара башкармалыгына укук коргоочулар тарабынан белгисиз беш адам ЦУМдан алтындан жасалган зер буюмдарды уурдап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

"Эки саат өткөндөн кийин эле "Маданият" көзөмөл өткөрүү бекетинин кызматкерлери Өзбекстанга кирүүгө аракет кылган шектүүлөрдү кармады. Алардын жанынан уурдалган алтын буюмдар табылган", — деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин шектүүлөр милиционерлерге өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0