Тоңдогу жол кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун Ак-Сай айылынын тушунда болгон.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 18-февралда саат 21:40тар чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун Ак-Сай айылынын тушунда Toyota Ist менен Audi S4 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Анын кесепетинен бир адам каза болуп, жети киши ар кандай жаракаттарды алган.

ӨКМдин куткаруучулары жеринде жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон эркек кишинин сөөгү ИИМ кызматкерлерине тапшырылган.

Облустук милициянын маалыматы боюнча жабыркаган кишилердин бири ооруканага бара жаткан жолдо үзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0