Камактагы адам. Архив

Ишкерди опузалап 10 миң доллар талап кылган чет элдик киши камакка алынды

264
(жаңыланган 21:01 19.02.2019)
Факт Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча бирдиктүү реестрге катталды.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкекте ишкерди опузалап 10 миң доллар талап кылган киши кармалганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, колго түшүрүлгөн кишинин КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны экени жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгону аныкталган.

"Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет элдик киши ишкерден 3 миң доллар алып жаткан маалда кармалган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Ал эми 16-февраль күнү Биринчи Май райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Тергөө иштери уланып жатат.

264
Белгилер:
ишкер, УКМК, акча, пара, опузалоо
Тема боюнча
УКМК: кылмыштуу топтун башчысы деп милиционер кармалды
УКМК: ИИМдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды
Рулду кармаган айдоочу. Архивдик сүрөт

Бишкекте кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу изделүүдө

75
(жаңыланган 23:50 07.07.2020)
Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде жолтандабас кафенин ичине кирип кеткен видео жарыяланган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Борбор калаада дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, бүгүн саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа кафенин ичине кирип кеткен видео жарыяланган. Алдын ала маалымат боюнча, автоунааны кыз башкарып бараткан.

Ылдамдыгы жүрөк түшүрөт! Жалал-Абадда кафени күү менен келип сүзгөн жолтандабастын видеосу

"Кырсык катталган жерден автоунаа айдоочусу из жашырып кеткен. Буга байланыштуу милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына багыттама берилип, издөө бөлүмүнө айдоочуну табуу тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кайгуул кызматы из жашырып кеткен айдоочу жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

75
Белгилер:
кырсык, милиция, издөө, айдоочу, кафе, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте жөө адамды автоунаа коюп кетип, каза болуп калды
Комада жаткан ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, эсине келе баштады
Ооруканадагы бейтап. Архивдик сүрөт

34 жашта эле... "Манас" аэропортунун мурдагы вице-президенти көз жумду

435
(жаңыланган 22:18 07.07.2020)
Илим Карыпбековдун айтымында, аэропорттун мурдагы аткаруучу директору Даир Токобаев пневмонияга кабылган. Ал 34 жашта болчу.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун мурдагы вице-президенти Даир Токобаев каза болду. Бул тууралуу анын мурдагы кесиптеши Илим Карыпбеков соцтармак аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, Токобаев пневмонияга кабылган. Ал 34 жашта болчу.

Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн

"Даир боорукер, акылдуу, өз ишин мыкты билген кесипкөй адам эле. Артында балдары калды. Ал пневмонияга кабылган. Абдан өкүнүчтүү, абдан! Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп жазган Карыпбеков.

Илим Карыпбеков өзү "Манас" эл аралык аэропортунда 2014-2015-жылдары аткаруучу директор болуп иштеген.

435
Белгилер:
пневмония, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония
Тема боюнча
Депутат Чыныбай Турсунбековдун сөөгү бүгүн жерге берилет
Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова пневмониядан каза болду