Бишкекте жолдо бараткан аялды ит талап сала жаздады. Видео

© AFP / THOMAS COEXАмериканский стаффордширский терьер
Американский стаффордширский терьер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналист Элина Федьконун айтымында, окуя 16-февраль күнү Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда болгон.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Ишемби күнү Элина итин сейилдетип келе жаткан. Ал үйүнүн подъездине жакындап калганда коңшусунун стафф породасындагы ити асылган.

"Ит бизди алыстан карап жатканын көргөм. Бир нерсени сезгендей эле итимди колума көтөрүп алдым. Анан эле стафф чуркап келип күрмөмдү тиштеп баштады. Ээси итин алып кеткиче дарыканада күтүп турдум", — деди Федько.

Ал окуянын видеосун Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

Федьконун айтымында, стаффтын ээси кырдаалды жөнгө салууга аракет жасаган эмес.

"Үй-бүлө мүчөлөрүнөн бири дагы басып келип кечирим сураган жок. Ошондуктан Октябрь РИИБге арыз жаздым. Ага 1000 сом айып салынышы мүмкүн. Кийин айып салынганы жөнүндөгү токтомдун негизинде материалдык чыгымды кайтаруу үчүн сотко кайрылам", — деди Федько.

Ал ошондой эле күрмөсү 7000 сом турарын айтып, так ошондойду сатып беришсин деген талабын койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0