Бишкектеги сойкуларды калкалады делген милиционер органдарда иштеп жатат

© Sputnik / Нурис АлымбаевРейд по выявлению несовершеннолетних в ночное время в компьютерных клубах в Бишкеке
Рейд по выявлению несовершеннолетних в ночное время в компьютерных клубах в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылы кол алдында иштеген башка милиция кызматкерлерин "менин сойкуларымды" кармадыңар деп урушуп жаткан милиционердин видеосу тараган.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине сойкуларды калкалаган деп чуу жараткан милиционер дагы деле укук коргоо органдарында иштеп жатканын билдирди.

Анын айтымында, милиционер Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде иштеп жатат.

Проблема проституции в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сойкулар канча табат? Бийлик алардын кирешесин эсептемей болду
2016-жылы интернетке шаардык милициянын №10 бөлүмүнүн башчысы П.Н. "ага тиешелүү" сойкулардын бирин кармаганын айтып, кол алдындагыларды жемелеп жаткан видеосу тарап кеткен. Эл арасында чоң талкуу жараткан. Тергөө маалында видео ошол эле жылдын май айында тартылганы аныкталган. Кызматтык териштирүү жүрүп жаткандыктан милиционер кызматынын четтетилген.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдиришинче, П.Н. жоопко тартылып, көп убакыт ИИМдин кадрлар бөлүмүндө кезекте турган. Учурда ал Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүндө катардагы кызматкер катары иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0