Жалал-Абадда чынжырланып жылаңайлак жүргөн өспүрүм кыз табылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-класста окуган кыздын чоо-жайын милиция тактап жатат.

ЖАЛАЛ-АБАД, 20-фев. — Sputnik. Жалал-Абаддын автобекетинде жылаңайлак, колуна чынжыр байланган кыз табылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук милиция билдирди.

Кыз 19-февраль күнү болжол менен саат 10.40тарда табылган. Милиция келгичекти өспүрүмдү ооруканага алып кетишкен.

"Жалал-Абадда каттоодо турат. 2003-жылкы, 9-класста окуйт. Энеси 1974-жылкы, күйөөсү менен ажырашып кеткен", — дешти милициядан.

Тартип сакчылары окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0