Алай районунун Гүлчө айылында 40 жаштагы киши казып жаткан кудугуна түшүп кетип, үстүн шагыл басып калган

Алайда 4 метрлик кудукка түшүп кеткен кишини шагыл басып калды. Сүрөт

532
(жаңыланган 18:22 20.02.2019)
Жабырлануучуну тереңдиктен 3,5 саатта алып чыгышкан.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Алай районунун Гүлчө айылында 40 жаштагы киши казып жаткан кудугуна түшүп кетип, үстүн шагыл басып калган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

  • Алай районунун Гүлчө айылында 40 жаштагы киши казып жаткан кудугуна түшүп кетип, үстүн шагыл басып калган
    Алай районунун Гүлчө айылында 40 жаштагы киши казып жаткан кудугуна түшүп кетип, үстүн шагыл басып калган
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Маалыматка ылайык, кырсык 20-февраль күнү болгон
    Маалыматка ылайык, кырсык 20-февраль күнү болгон
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • Жабырлануучунун абалы туруктуу экени айтылды.
    Жабырлануучунун абалы туруктуу экени айтылды.
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Алай районунун Гүлчө айылында 40 жаштагы киши казып жаткан кудугуна түшүп кетип, үстүн шагыл басып калган

Маалыматка ылайык, кырсык 20-февраль күнү болгон. Саат 11.54тө чакыруу түшүп, фельдшер менен куткаруучулар үч мүнөттөн кийин окуя болгон жерге барышкан.

"Кудуктун тереңдиги 4 метр экен. Ичи тар болгондуктан бир куткаруучу ичине түшүп, жабырлануучунун үстүн басып калган шагылды чака менен сыртка алып чыгып тазалаган. Саат 15.36да түшүп кеткен киши чыгарылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Жабырлануучунун абалы туруктуу экени айтылды.

532
Белгилер:
ӨКМ, куткаруучу, кудук, Алай району
Тема боюнча
Бельгиялык турист кыз Караколго жакын жерде көчкү алдында калып каза болду
Ноокат: соода күркөсүнө урунган минивэн 13 жаштагы баланы басып калган