Чүй милициясы: "Коопсуз шаардын" камерасын милиционер талкалоого аракет кылган

© Sputnik / Нурис Алымбаев"Коопсуз шаар" долбоорунун көчмө камерасы. Архив
Коопсуз шаар долбоорунун көчмө камерасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмө камера орнотуп жаткан кишиге эки адам келип жолтоо кылган.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Беш-Күңгөй айылында "Коопсуз шаар" долбоорунун көчмө камерасын талкалоого аракет кылган адам милициянын күзөт кызматында иштеген адам болуп чыкты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.

Эскерте кетсек, окуя тууралуу билдирүү 21-февраль күнү кечке маал түшкөн. Беш-Күңгөйгө көчмө камера орнотуп жаткан "Вега Оперейтинг" компаниясынын кызматкерине эки адам келип, эч себепсиз ишине жолтоо болуп, камераны талкалоого аракет кылышкан. 

Факт 119-берененин негизинде Бирдиктүү реестрге каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Анын жүрүшүндө кол салган адамдардын бири Бишкектеги милициянын күзөт кызматында иштеген киши болуп чыкканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0