Чүйдүн Беловодское айылында кишини коюп качып кеткен айдоочу кармалды

CC BY-SA 2.0 / Mark Ou / _1080425Уголовное ответственность на нарушение ПДД
Уголовное ответственность на нарушение ПДД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа коюп кеткен жаран окуя болгон жерден каза болгон.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. 12-февралда Беловодское айылында кишини койдуруп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, айдоочу кырсык болгон жерден изин жашырып кеткен. Ал эми жаракат алган киши ошол жерден жан берген.

Бишкекте үч унаа кагышып, бири арыкка кирип кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте үч унаа кагышып, бири арыкка кирип кетти. Видео
12-февралда саат болжол менен 07:50дө Москва РИИБине жолдо кишинин сөөгү жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам иликтөө тобу чыгып кеткен.

Сөөктүү кароо учурунда маркумдун денесинин бир нече жери сынганы аныкталып, тийиштүү кызматтарга окуянын чоо-жайын аныктоо тапшырылган.

Баштапкы иликтөө аракеттери маалында каза болгон жаран Ош облусунан Чүй облусунун Москва районуна көчүп келип жашап жаткан 64 жаштагы А.Н. аттуу жаран экени такталган. Ал эми Чүй облусунун Токмок шаарында жашаган 31 жаштагы Н.У. аттуу киши шектүү катары кармалган.

Милициянын алдын ала берген маалыматы боюнча Mercedes-Benz автоунаасынын айдоочусу жол кырсыгына кабылып, кырсык болгон жерден качып кеткен. Ал Москва райондук сотунун чечими менен эч жакка чыкпоо боюнча тил кат жазып берген. Машинасы айып короого токтотулду.

Учурда тийиштүү бардык экспертизалар дайындалып, баштапкы тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0