Талас: чакага от жагып ууланган келиндин экинчи кызынын абалы оор бойдон калууда

© Sputnik / Табылды КадырбековДетское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке
Детское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беш күн мурда Талас облусунун Кара-Суу айылында ис уруп 37 жаштагы келин жана 15 жаштагы кызы көз жумган.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Суу айылында ис уруп каза болгон келиндин ооруканага түшкөн экинчи кызынын абалы оор. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.

Эске салсак, 20-февралда Талас облусунун Кара-Суу айылында ис уруп 37 жаштагы келин жана 15 жаштагы кызы көз жумган. Каза болгон келиндин дагы 13 жаштагы уулу жана беш жаштагы кызы оор абалда ооруканага жеткирилген.

Узакбаевдин айтымында, эркек баланын абалы турукташып, 23-февралда ооруканадан чыгарылган.

"Беш жаштагы кызы кечээ биздин борборго алып келинди. Абалы өтө оор, азыр комада. Консилиум өткөрүп жатабыз", — деди Узакбаев.

ӨКМдин маалыматына таянсак, аталган бүлө үйдү жылытуу максатында бөлмөгө от жагып, андан чыккан түтүнгө ууланышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0