Кара-Балтада 19 жаштагы жүргүнчү дүлөй таксистти сабады деп шектелүүдө

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи смертельной драки в КР
Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таксист менен жүргүнчүнүн ортосунда пикир келишпестик жол кире үчүн чыккан.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кара-Балта шаарында кулагы укпаган 24 жаштагы С.А. аттуу таксист сабалганын Чүй милициясынан кабарлашты.

Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 46 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал 18-февралда белгисиз адамдар дүлөй бир тууганын сабап кетишкенин билдирген.

"Аталган факты Эреже бузуулар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге каттоого алынды. Укук коргоочулар соттук-медициналык экспертиза дайындады", — деп айтылат маалыматта.

Бычак кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте киши колдуу болгон 19 жаштагы бала. Окуянын чоо-жайы ачыкталды
Ушул эле ички иштер бөлүмүнө 19 жаштагы А. Э. аттуу жаран кайрылып, таксистке карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ал айдоочу анын уюлдук аппаратын алып, "кайтарып бер" десе бычак кезеп коркутканын билдирген. Арыз бирдиктүү реестрге каттоого алынып, сотко чейинки баштапкы териштирүү иштери башталды.

Учурда укук коргоочулар таксист менен жүргүнчүнүн ортосунда чыккан чырдын чоо-жайын тактап жатат.

Алдын ала маалымат боюнча чыр жол кире акысы үчүн чыккан. 19 жаштагы баланын достору ага болушуу үчүн келип экинчи конфликт чыккан.

ШИИББден маалымдашкандай, таксист дүлөй болгондуктан сурдо котормочу келгенден кийин суракка алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0