Жыл башынан бери 99 бала жоголгон. Алардын коркунучтуу оюн менен байланышы барбы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВесна в Новосибирске
Весна в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоголгон балдардын көбү ата-энеси менен болгон келишпестиктен улам үйүнөн чыгып кеткен.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 2019-жыл жаңыргандан бери 99 бала жоголгонун Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жолгондордун ичинен 91и табылган жана алардын "48 саатка жоголуп кет" оюну менен такыр байланышы жок. Буга чейин укук коргоо органдары жакында пайда болгон интернет оюнунан улам мектептерде окуучулардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Бул оюн Россия жана башка мамлекеттерде эки жыл мурда пайда болгон. Кыргызстанда анын пайда болгону боюнча факты каттала элек. Өспүрүмдөрдүн жоголушу бул оюнга эч кандай тиешеси жок", — деп айтылат маалыматта.

Милиция учурда жоголгон сегиз өспүрүмдү издеп жатат. Жалпысынан жоголгон 99 баланын 53ү эркек балдар, 46сы кыздар. Маалыматта алардын көбүнүн ата-энеси менен болгон келишпестиктен улам үйүнөн чыгып кеткендиги айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0