Кыргызстандык аял ага асылган күйөө баласын өлтүрүп салган. Соттун чечими

Жазылуу
Айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алып, окуя кандай болуп өткөнү эсинде жок экенин белгилеген.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Чүй облустук соту асылган күйөө баласын өлтүрүп салган кыргызстандык аялдын апелляциялык арызын карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланган актыда айтылат.

Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө караганда, өткөн жылдын 22-июнунда аял өзүнүн кызы жана күйөө баласы менен ичимдик ичип отурган. Кызы уктап калган кезде соттолуучу күйөө баласын төшкө эки ирет бычак менен урган. Ал күйөө баласы ага асылганын билдирген. Айыпкер күнөөсүн жарым-жартылай моюндап, окуя кандай болгону эсинде жок экенин белгилеген.

Тапанчадан атып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чыкыйга тийген ок. Кой-Ташта каза болгон жигиттин өлүмүнүн чоо-жайы
Экспертиза кайнене менен күйөө бала мас абалында болгонун көрсөткөн.

Психологиялык-психиатриялык экспертиза аялдын акыл-эси ордунда экенин аныктаган. Эксперттер "окуя болгон учурда аял жөн гана мас болгон. Ал өзүнүн аракеттерине отчет берип, башкара алмак" деген бүтүмүн чыгарып берген.

Аламүдүн райондук соту айыпталуучуну аялдардын колониясына 11 жылга кескен.

"Соттолуучу окуя капыстан болгонун, күйөө баласы ага асылгандыктан ызага батып кеткенин айтып, аны атайылап өлтүрбөгөнүн билдирген. Бирок соттук коллегия аял жоопкерчиликтен качуу максатында ушундай жүйөлөрдү келтирип жатат деген бүтүмгө келишкен", — деп актыда айтылат.

Натыйжада Чүй облустук соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Макул болбогон тарап Жогорку сотко даттана алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0