Аялын зордуктаган кишинин жыныс мүчөсүн кесип... Февралдагы кылмыштар

© Sputnik / Табылды КадырбековНасилие над женщинами в Кыргызстане
Насилие над женщинами в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир үйдө чогуу жашаган жеңесинин көзүн кайын сиңдиси менен күйөө баласы түн ортосунда тазалап, денесин каналдагы сууга ыргытып жиберишкен. Адам өмүрүн алгандар маркумдун кыркы өткөнгө чейин кылганын жашырып жүргөнү менен укук коргоо кызматкерлери алардын изине түшкөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги февраль айындагы өлкө аймагындагы соттук өкүмдөрдү барактап, адам көз жумган, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуяларды тизмектеди.

Ага сөрөй...

Үч баласы бар 28 жаштагы киши мас болуп бир тууган агасынын жети жаштагы кызын зордуктоого аракет кылып жаткан жеринен аялы көрүп калган. Сот отурумунда келин анын кайниси кызды жаткырып алып колу менен оозун басып, шымын, ич кийимин чечкенин кызынын сөзүнө таянып айткан. Айыпталуучу кылганын мойнуна албай, аял аны ак жерден күнөөлөп жаткандыгын билдирген. Эми ал "тууган" беш жыл алты ай өмүрүн түрмөдө өткөрмөй болду.

Зордукчу жыныс мүчөсүнөн ажырап ...

Логотип мессенджера WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
WhatsApp менен маалымат таратып 4 жылга кесилди. Январдагы соттук өкүмдөр
Аялын зордуктаган кишини катуу сабап жыныс мүчөсүн кесип салган адам 14 жылга кесилди. Адистер маркумдун сынган кабыргалары ички органдарына батып кетип, мокок буюмдан алган жаракатынан көз жумгандыгын тактаган. Анысы аз келгенсип, маркумдун сөөгү эшикте калганда ит анын оң жаагын, оң көз тарабын жеп кеткен. Бирок шектүү зордукчулду өлтүрбөгөндүгүн, күч колдонуп сабап, кийимин чечтирип, өрттөп салып, үйүнө кирип кеткендигин айтып, кылган иши үчүн кечирим сураган.

Үйлүү болгусу келген мыкаачылар

Аял-күйөө сүйлөшүп алып, түнкү саат 02.00 чамасында уктап жаткан 39 жаштагы жеңесин таш менен бир нече жолу башка чаап, муунтуп өлтүрүп, сөөгүн каналдагы сууга ыргытып жиберишкен. Териштирүүдө аялга кайын сиңдиси менен күйөө баласы кол салганы, алар чогуу жашаган үйгө ээлик кылуу максатында кылмышка баргандыгы аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза анын оң чыкыйына катуу нерсе тийгенин, көзү көгөрүп, мээсине кан уюп, муунтулганын тактаган. Сот беш баланын энесинин өмүрүн кыйгандардын мал-мүлкүн конфискациялап, 400 миң сом моралдык чыгымга жыгып, ар бирин 20 жылдан эркинен ажыратты.

Шеригин бычактап өлтүргөн...

Эки киши арак ичип отуруп уруша кетет да бири экинчисин кичинекей уулунун көзүнчө өлтүрүп коет. Чыр алардын ортосунда каза болгон адамдын арак алып келүүсүн талап кылгандан келип чыккан. Маркум 12 ирет бычак жеп, кансырап каза болгон. Фемида өкүлдөрү айыпкерди 12 жылга кесип, мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. Мындан сырткары, материалдык жана моралдык зыян катары 281 миң сом өндүрүү чечими кабыл алынды.

6000 сом үчүн чоң энесин өлтүргөн өспүрүмдөр

Взрывчатые вещества, изъятые сербской полицией - Sputnik Кыргызстан
Насыясын төлөө үчүн ишкер аялдын үйүн жардырып... 90-жылдардагы кылмыштар
Борбор калаада жашаган 16 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр алдын ала сүйлөшүп алып, бирөөсүнүн улгайган чоң энесинин үйүнө барган. Алар кемпирдин алсыз абалынан пайдаланып төшөктө жаткан маалда кол салган. 31 жолу бычак жеген аял көз жумган. Пенсионерди өлтүргөн соң үйдөн 6000 сом акча, чөнтөк телефондорду алып кетип, аны арак менен тамекиге короткон. Териштирүү маалында ал экөөнөн сырткары, кылмышка 17 жаштагы дагы бир окуучунун тиешеси бар экендиги аныкталган. Сот зөөкүрлөрдүн экөөсүн 10 жылга кесип, үчүнчүсүн төрт жылга (эки жылы сыноо мөөнөтү менен) эркинен ажыратты.

Кызганчаак келин

Күйөөсүн кызганган аялы жумушуна барып чыгарган чырдан улам бир жылга шарттуу түрдө кесилди. Келин аэропорттун ичинен инспектор кызды чачтан алып, бетке бир нече ирет муштаган. Таяк жеген кызматкер эсин жоготуп, кулап калган. 34 жаштагы келин мындай жолго барышына жолдошуна ал кыздын телефон аркылуу кат жазуусу жана халатчан түшкөн сүрөттөрүн жибергендиги себепкер болгондугун айткан.

Балдарынын атасын бензин куюп, өрттөп ...

Случаи насилия над детьми - Sputnik Кыргызстан
Айбанча коргой албадык... Кордук көргөн наристелердин убалы кимге?!
Жарандык никеде жашаган түгөйлөр түндө өз үйүндө арак ичип отуруп, чатакташа кеткен. Ачууланган аял балдарынын көзүнчө жолдошунун үстүнө бензин куюп өрттөп жиберген. Денесинин 70 пайызы күйүп калган эркек каргаша болгондон үч күн өткөн соң ооруканада көз жумган. Тергөө маалында айыпталуучу кылганын төмөнкүчө түшүндүргөн. Ал үй-бүлө башчысы көптөп бери арагын таштабай, аны жана энесин сабап, ажырашууга мүмкүнчүлүк бербей келгендиктен мындай кадамга баргандыгын айткан. Он жылдан бери чогуу түтүн булаткан жубайлар эки балалуу болушкан. Сот буга чейин чыккан өкүмдү өзгөрүүсүз калтырып, аял сегиз жылга кесилди.

Медреседен чыккан өлүк ... ууру жана окуучулар

Борбор калаадагы медреселердин биринде билим алган жети бала окуу жайга уурулукка кирди делген адамды түндө колго түшүргөн. Аны ур-токмокко алып, колун байлап жуунуучу бөлмөгө камап салышкан. Жергиликтүү милиция кызматкери окуя болгон жерге келип таяк жеген адам каза болуп калгандыгын аныктаган. Сот аларды эки жылдан алты жылга чейин эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0