Ошто 500 сом үчүн жолдошунан таяк жеп каза болгон аялдын балдары жетим калды

Жазылуу
Аял жолдошу менен өткөн жылдын күз айларында баш кошкон.

ОШ, 1-мар. — Sputnik. Ош шаарында күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон 35 жаштагы аялдын артында эки баласы калды. Аларды буга чейин маркумдун ата-энеси тарбиялап жаткан. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

Бетин жаап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үйлүү болгусу келип жеңесин мыкаачылык менен өлтүргөн. Баткендеги чуулуу окуя
Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунун 46 жаштагы тургуну аялы менен чырдаша кетип, аны ур-токмокко алган. Анын кесепетинен жабырланган жубайы керебетке жаткан боюнча эсинен танып, ошол тейде каза болгон. Эркек киши өз көрсөтмөсүндө аялы ошол күнү кайненесинен 500 сом алып чыгып кеткенин жана акчаны эмнеге коротконун сураса айтпай койгондуктан жаңжал чыгарганын айтып берген. Аялды ур-токмокко алгандыгын да кошумчалаган.

Маалыматка ылайык, шектүү аялы менен 2018-жылдын күз айларында таанышкан.

"Таанышкандан кийин келинди күйөөсү калаадагы үйүнө алып келип экөө жашай баштаган. Нике күбөлүгүн алышкан эмес, экөөнүн ортосунда бала да жок, экинчи жолу турмуш куруп жатышкан. Шектүү жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган. Акыркы кезде Россияга барып иштеп жүргөн. Окуя болордон бир аз мурда Россиядан келип, бирок жумушсуз жүргөнү маалым болду. Ичкиликке да бериле баштаган", — деди ишенимдүү булак.

Маектеш билдиргендей, окуя болгон күнү аял түштөн кийин үйүнөн чыгып кетип, саат 18:00дөр чамасында келген. Күйөөсү аялынан "кайда жүрдүң" деген суроосуна жооп бербей койгон. Күйөөсү да мас абалда болгондуктан аялын ур-токмокко алган.

Окуя болгон учурда үйдө шектүү жана апасы гана болгону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0