ЖМК: Самарага жакын жердеги жол кырсыктан кыргыз жараны каза болду

© Sputnik / Алексей Сухоруков / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматы. Архив
Тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 1-март күнү катталып, Hyundai жана Lada Largus үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Россиянын Самара облусуна жакын жерде жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен үч адам каза болуп, беш киши жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Билдирүүгө ылайык, кырсыктан каза болуп, жабыркагандар - Орто Азиянын (Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан) жарандары.

"Самара облусуна жакын жолдо Hyundai жана Lada Largus үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан. Кырсыктан үч адам каза болуп, беш киши жабыркаган. Жабыр тарткан бешөө ар кандай жараат менен Красноярск борбордук ооруканасына жаткырылган. Lada Largus унаасында жети адам бар болчу. Баары тең Орто Азиянын, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн жарандары. Hyundai унаасынан Ульяновск облусунун тургуну жабыркаган", — деп жазылат маалыматта.

Россиянын жергиликтүү "Федеральное агентство новостей" басылмасы каза болгондордун ичинде кыргыз жараны да бар экенин жазды.

Москвада жолдун четиндеги адамдарды кокусунан койдуруп алган таксист Чыңгыз Анарбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Абактан чыккан таксист Чыңгыз Анарбек уулун жакындары тосуп алган видео
"Окуя 1-март күнү болгон. Lada Largus үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып Hyundai Solaris машинасы менен кагышкан. Жыйынтыгында Lada Largus автосунун жүргүнчүлөрүнүн баары мүрт кеткен. Кырсыктан көз жумгандар: 1988-жылы туулган Өзбекстан жараны А. Фадбарг, 1963-жылы туулган Ш. Ринат жана 1986-жылы туулган Кыргызстандын жараны И. Обатбек. Ал эми Hyundai Solaris машинасынын жабыркаган төрт жүргүнчүсү Красноярск районунун борбордук ооруканасына жеткирилген", — деп жазылат билдирүүдө.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги аталган факты боюнча маалыматы бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирип, кырсыктан каза болгондордун ичинде Кыргызстандын жараны бар же жок экенин тактап жатканын маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0