Уурдап кеткен кишисин арматура менен сабашкан. Шектүүлөрдүн ичинде депутат бар

© AFP / NOEL CELISРейда против наркоторговли в Маниле
Рейда против наркоторговли в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча жабыр тарткан тарап менен өнөктөштөрү бизнес боюнча чатакташа кеткен.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери киши сабады деген шек менен эки адамды кармады. Алардын бири депутат экенин министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Былтыр сентябрдын аягында Баткен облусунун Б.А. аттуу тургуну милицияга кайрылып, бизнес боюнча өнөктөшүнө чара көрүүнү суранган.

"Өнөктөштөрү телефон чалып, Бишкектеги соода-оюн-зоок жайларынын биринен кезигүүнү сунуштаган. Б.А. белгиленген жерге келгенде аны үч киши тосуп алып сабап, машинага салып, ээн жерге алып кетишкен. Ал жактан да арматура менен сабашкан. Жабыркаган жаран окуя болгон жерден качып кетүүгө жетишип, кийин ооруканага кайрылган", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери шектүү катары үч кишини кармап, милиция бөлүмүнө алып келишкен. Бирок жабыркаган киши тосмо арыз жазып бергендиктен тергөөчү кылмыш ишин козгогон эмес.

Кыргызстанцу вырвали зубы, переломали ноги и руки — видео задержания подозреваемого - Sputnik Кыргызстан
Тишин аттиш менен жулуп, буту-колун темир менен сындырган. Кочкордогу окуя
Быйыл февраль айынын ортосунда Б.А. кайтадан милицияга кайрылып, алдын ала тергөө иштери башталган учурда бизнес боюнча өнөктөштөрү ага басым жасагандыктан жазган арызынан баш тартууга аргасыз болгонун айткан. Анын бул жолку арызы Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестерге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголуп, баштапкы тергөө амалдары жүрүүдө.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүүлөр Баткен облусунда экенин аныкташкан. Ал жакка ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жиберилген. Шектелгендердин экөө Лейлек районунан кармалган. Бирөө жергиликтүү кеңештин депутаты. Колго түшкөндөр Бишкекке алып келинип, Свердлов райондук соту тергөө аяктаганга чейин аларды үй камагына чыгарган.

Алдын ала маалымат боюнча Б.А. аттуу жаранды шектүүлөр бизнестеги пикир келишпестик үчүн сабашкан. Андан сырткары, тергөө учурунда алардын Баткен облусунда мыйзамсыз ишкердик кылууга тийиштиги бар экени аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0