Таштандыга ыргытылган түйүлдүк кыз экен. Милициянын маалыматы

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каналдын жанындагы таштандыдан 4-5 ай болгон түйүлдүк-кыздын желим баштыкка салынган денеси табылган.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Маевка айылында кудукка ташталган түйүлдүк боюнча Аламүдүн райондук милициясы издөө, иликтөө иштерин баштады. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Буга чейин Маевка айылындагы кудуктан түйүлдүк табылганы боюнча маалымат тараган. Кабарда түйүлдүктүн болжол менен төрт-беш айлык экени айтылган.

"4-март күнү саат 20:50 чамасында Аламүдүн райондук милициясына ымыркайдын өлүгү табылганы боюнча маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон жерге келгенде каналдын жанындагы таштандыдан 4-5 ай болгон түйүлдүк-кыздын желим баштыкка салынган денеси табылган", — деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Аталган факты Жоруктар жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0