Акчанын ээсине коендой окшош киши анын банктагы 10 млн. рублин чыгарып кетти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГлавное управление Центрального банка России
Главное управление Центрального банка России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда укук коргоочулар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Москва шаарынын тургунуна окшош киши анын банктагы эсебинен 10 миллион рублин чыгарып кеткен. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Жабырлануучу полицияга 2014-жылы банктан эки эсеп ачканын билдирген. Ал жакында эле мобилдик тиркемеге кирип эсебиндеги 100 миң евро менен үч миллион рубли жок болуп кеткенин көргөн.

"Коопсуздук департаментинин начальниги 22-январда банкка киши келип жабырлануучунун паспортун көрсөтүү менен эсептеги акчанын бардыгын чыгарып кеткенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Агенттиктин маектеши маалымдагандай, алар видеобайкоого түшкөн кадрларды карап чыгышкан. Андан банкка жабырлануучуга окшош киши кирип келип, паспортун көрсөтүп, болгон акчаны чыгарып кеткенин көрүшкөн.

Учурда укук коргоочулар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0