Муунтуп сөөгүн дарыяга ыргытып ийген. Айыпталуучу Кыргызстанга экстрадицияланды

© AFP / FRED DUFOURКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура Тажикстандын Жогорку көзөмөл органына экстрадиция боюнча сурам жөнөткөн.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Адам өлтүрүп, бирөөнүн унаасына мыйзамсыз ээлик кылган делген кыргызстандык Тажикстандан экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 21-октябрында А.М. аттуу кыргызстандык Чүй облусуна караштуу Сосновка айылынын М.Т. аттуу тургуну менен Талас облусуна барган.

"Бакай-Атага келгенден кийин А.М. жанындагы М.Т. аттуу кишини муунтуп өлтүрүп, сөөгүн дарыяга ыргытып салган. Өзү Тажикстанга кеткен. 2018-жылдын декабрь айында ал Хотлон облусунан кармалган", — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура Тажикстандын Жогорку көзөмөл органына экстрадиция боюнча сурам жөнөтүп, алар өтүнүчтү канааттандырган. Айыпталуучу Душанбеден Бишкекке 4-мартта жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0