Туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Архивдик сүрөт

Бала сатты деген гинекологдор. Экөө документти жасалмалаганын моюндады

439
(жаңыланган 10:07 06.03.2019)
Кылмышка жети медик аял айыпталууда. Алардын үчөө үй камагына кое берилген.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатууга жана мыйзамсыз аборт жасоого айыпталып жаткан гинекологдордун экөө, Д.Н. менен А.А. документтерди жасалмалаганын моюндашты.

Өткөн жылдын 7-сентябрында Бишкектен ИИМдин криминалдык кызматынын өкүлдөрү тарабынан ымыркай сатууга шектелип бир нече гинеколог кармалган. Алардын биринин унаасынын багажнигинен бойдон алдырган балдардын сөөгү табылган

Sputnik Кыргызстан агенттигинин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагы кармалгандардын үчөө №1 жана 18 үй-бүлөлүк медициналык борбордо жана №4 төрөт үйүндө иштей турганын билдирген.

Акыркы жолу беш ак халатчан №1 тергөө абагына киргизилгени белгилүү болгон.

Кармалгандарга Кылмыш жаза кодексинин 124чү ("Адам сатуу"), 116чы ("Мыйзамсыз аборт кылуу") жана 350-беренелери ("Жасалма документтерди даярдоо, колдонуу") боюнча үч кылмыш иши козголгон. Тергөө көрсөткөндөй, бардык сатып алуучулар Кыргызстанда жашап жүрүп кийин Россиянын жарандыгын алгандар.

Биринчи Май райондук сотунун кезектеги жыйынында мамлекеттик айыптоочу айыптоолорун окуп берди.

"2018-жылдын май айында айыпталуучу Д.Н.ге анын гинеколог таанышы кайрылып үйүндө бала төрөдү делген россиялык курбу кызына баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жасап берүүнү суранган. Июндун башында Д.Н. ага кайрылган гинекологго жасалма документ даярдап берген. Ага ылайык, Россиянын жараны 5-майда Чүй облусундагы медициналык борборлордун биринде төрөгөн болуп калган", — деди прокурор.

Тергөөнүн версиясы боюнча Д.Н. үйүндө даяр күбөлүктөрдү сактап, сатып иштеген. Ушундай эле кылмышка үй камагына чыгарылган А.А. айыпталууда. Эки аял тең күнөөлөрүн моюндады.

439
Белгилер:
бала сатуу, кылмыш, гинеколог, Кыргызстан
Тема боюнча
ИИМ бала саткан гинекологдор тууралуу: СИЗОдогу үчөөнөн жасалма мөөр табылды
Москвада жасалма авиабилет сатты делип кыргызстандык жигит кармалды
Депутат Максат Сабиров. Архивдик сүрөт

Депутат бийликти алмаштырууга чакырык жасаганбы. УКМК иликтеп баштады

254
(жаңыланган 23:00 12.07.2020)
Ведомстводон аудио жазуу, үн боюнча экспертиза дайындалгандыгын айтышты. Анда бийликти кулатууга чакырык болгонбу же жокпу деген суроо такталат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Улутттук коопсуздук боюнча комитет Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров тараткан деп социалдык тармакта айтылган аудио жазуу боюнча иликтөөнү баштады. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул боюнча атайын экспертиза дайындалып, анда мамлекеттин конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүү чакырыгы чын эле болгонбу деген суроо такталат.

Экс-депутат Масалиевдин сынына өкмөт жооп берди

Аудио жазууда эркек киши өлкөдөгү кырдаалды, бийликти сындаган деп айтылган социалдык тармакта.

УКМКдан бул үн жазууга юридикалык баа бериле тургандыгын билдиришкен.

254
Белгилер:
кырдаал, бийлик, чакырык, сын, жазуу, үн, депутат, Максат Сабиров, Кыргызстан
Тема боюнча
"Коронавирусту бийлик ойлоп тапкан" деген ушак тараткан адам кармалды
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кичи автобус

Кечээ Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кичи автобустун айдоочусу табылды

442
(жаңыланган 19:27 12.07.2020)
Кечээ, 11-июлда, каналда калкып турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын видеосу жарыяланган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Милиционерлер Кара жыгач токоюнда Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кичи автобустун айдоочусун тапты. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 11-июлда, каналда калкып турган Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автоунаанын видеосу жарыяланып, анын айдоочусу изделип жатканы айтылган

Талкаланыптыр! Бишкекте жеңил унаа тосмону сүзүп, чуңкурга түшүп кетти. Сүрөт, видео

Бүгүн автоунаа жана анын айдоочусу дагы табылды. Ал жол кырсыгынан эмес, кокустан сууга түшүп кеткени белгилүү болду.

"Кичи автобус Чоң Чүй каналынын чекесине токтотулган. Бирок анын кол менен тартылчу тормозу иштебей калып, машина каналга түшүп кеткен. Жабыркагандар жок", — деп билдирди Кайгуул милициясы.

Милиционерлер айдоочуга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

442
Белгилер:
айдоочу, Чоң Чүй каналы, Бишкек
Тема боюнча
Тез жардам унаасы Бишкектин чок ортосунда кырсыктан ала салды. Видео
Киши жер титирөөнүн графигин көргөзүп жатат. Архив

Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди

34
(жаңыланган 10:42 13.07.2020)
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес. Ал айрым жактарда 4,5 баллдан 2,5 баллга чейин сезилген.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кечээ жана бүгүн таңда өлкөнүн үч облусунда жер титирөө катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 12-июль күнү, саат 06:28де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал Нарын районунун Кара-Булак айылында, Ак-Талаа районунун Орто-Сырт айылында 4 балл, Ат-Башы районунун Ак-Бейит, Казыбек, Кызыл-Туу айылдарында 3,5 балл, Ак-Талаа районунун Баетов жана Кара-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Сейсмолог Жумабаев: жер титирээрин алдын ала айтууга болот, бирок бир шарт менен

Ошол эле күнү саат 23:46да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Силкинүү Жети-Өгүз районунун Оргочор, Подгорное, Кызыл-Суу айылдарында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Саруу, Мундуз айылдарында 3 балл, Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жана Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми бүгүн түнү саат 01:05те Кыргызстан менен Тажикстандын чегинде очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болуп, Лейлек районунун Алга, Жеңиш жана Ак-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Бардык жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

34
Белгилер:
жер титирөө, Лейлек, Ысык-Көл, Нарын, ӨКМ
Тема боюнча
Апкаарыган жок. Жаңы Зеландия премьери маек берген учурда жер титиреди. Видео