УКМК: чек арадан террордук уюмдун мүчөсү кармалды

© AFP / Sebastian Kahnert / POOLЗадержание подозреваемого в Дрездене
Задержание подозреваемого в Дрездене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшүрүлгөн адам Ош облусунун тургуну экени аныкталган.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстанда чек арадан мыйзамсыз өтүп бараткан жеринен эл аралык террордук уюмдун 26 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүү 27-февралда атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде колго түшүрүлгөн.

"Кармалган адам Ош облусунун тургуну экени аныкталды. Ал Сирияда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп, атайын жана диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн. Ошондой эле Сирия өкмөттүк аскерлерине каршы согушка катышканы маалым болду. Ал башчыларынын тапшырмасы менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине террордук иш-аракеттерди уюштуруу максатында Сириядан чыгып кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган адам учурда камакта.

Жаңылыктар түрмөгү
0