Бишкекте Тез жардам унаасы катышкан жол кырсыктын чоо-жайы

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуМосква жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде 8-мартта кечки саат 22:00дөр чамасында болгон жол кырсыгы
Москва жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде 8-мартта кечки саат 22:00дөр чамасында болгон жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Daewoo Nexia үлгүсүндөгү жеңил автоунаасын 18 жаштагы Н.Н. аттуу жаран айдап бараткан.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкектеги Москва жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде 8-мартта кечки саат 22:00дөр чамасында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен Тез жардам кызматынын Nissan Urban машинасы кагышканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, Daewoo Nexia автоунаасын 18 жаштагы Н.Н. аттуу жаран айдап бараткан. Ал Калык Акиев көчөсү менен түндүк багытты көздөй баратып, Москва көчөсүнүн кесилишинен батыштан чыгышты көздөй келе жаткан Nissan Urban Тез жардам унаасы менен кагышкан.

"Жол кырсыктын кесепетинен Nissan Urban автоунаасынын 31 жаштагы айдоочусу Д.Б. менен машинанын ичиндеги 3 жүргүнчү түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген", — деди ал.

Оторов ошондой эле жол кырсыгы боюнча чогултулган бардык материалдар тийиштүү кызматтарга өткөрүлүп берилгенин кошумчалап, тергөө амалдары жүрүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0