Москвада кыргызстандык таксист коюп кетип көз жумгандар мекендештери болуп чыкты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМосква шаарындагы жол кырсыгы. Архив
Москва шаарындагы жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдардын сөөгүн жөнөтүү 12-мартка белгиленген.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Москва шаарында кыргызстандык таксист коюп кетип каза тапкан эки киши тең КР жарандары болуп чыкты. Бул тууралуу Россиядагы элчилик билдирди.

Эскерте кетсек, каргаша 8-март күнү эртең менен болгон. Алдын ала маалыматка караганда, айдоочу рулга ээ боло албай калган. 25 жаштагы таксист камакка алынып, байланыш атасы жана бир тууган эжеси аркылуу болуп жатканы кабарланды.

"Кырсыктан мертингендердин бири 28, экинчиси 30 жашта болгон. Жүк-200дү жөнөтүү 12-мартка белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, баштапкы тергөө жүрүүдө. Элчилик ишти өз көзөмөлүнө алганын кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0