Милиция: Токмокто жүргүнчү таксистти сабап, машинасын айдап кеткен

Жазылуу
Айдоочу машинадан түшө качып, кийин ооруканага өзү келген.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Милиция кызматкерлери Токмок шаарынан таксистти сабады деген шек менен бир кишини кармады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 8-мартта Токмоктогу аймактык ооруканага дене-башы татылган 53 жаштагы киши келип түшкөнү боюнча милицияга кабар келген.

"7-мартта кечки саат 22:30дар чамасында белгисиз бирөөлөр такси кызматына чалып машина чакыртышкан. Келген таксиге белгисиз үч киши отурган. Кетип баратканда таксист менен кардарлардын бири айтыша кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтада 19 жаштагы жүргүнчү дүлөй таксистти сабады деп шектелүүдө
Таксисттин айтымында, кардар ага кол көтөрүп, уюлдук телефонун тартып алган. Айдоочу машинадан түшө качып кутулуп, ооруканага өзү барган. Кардарлар машинаны андан ары айдап кетип, Токмоктогу көчөлөрдүн бирине таштап кетишкен.

Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 201-беренеси ("Каракчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 35 жаштагы киши кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, керектүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0