Ош облусунун Алай районундагы Чий-Талаа айылында беш дүкөндөн жасалма акча менен соода кылган үч жигит кармалды

Алайда жасалма акча менен 10 миң сомго соода кылган үч жигит кармалды

417
(жаңыланган 20:14 12.03.2019)
Шектүүлөр Ноокат районунун тургундары экендиги аныкталган.

ОШ, 12-мар. — Sputnik. Ош облусунун Алай районундагы Чий-Талаа айылында беш дүкөндөн жасалма акча менен соода кылган үч жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Задержанные с поддельными купюрами 2 тысячи сомов в Алайском районе Ошской области
© Фото / Зульфия Тургунова
Ош облусунун Алай районундагы Чий-Талаа айылында беш дүкөндөн жасалма акча менен соода кылган үч жигит кармалды

Маалыматка ылайык, кармалгандардын экөө 22де болсо, бирөөсү 21 жашта.

"Милиция алардын Ноокат районунун тургундары экендигин аныктады. Шектүүлөр Алайдагы беш дүкөнгө кирип, эки миң сомдук жасалма купюралар менен жалпы 10 миң сомго соода кылышкан", — деди ал.

Аталган факты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 225-беренесинин ("Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Далил катары алынган эки миң сомдук купюрага соттук-техникалык-криминалистикалык экспертиза дайындалып, жасалма экендиги далилденди. Шектүүлөр купюралар бирөөсүнүн үйүнөн жасалгандыгын айтышкан. Акча жасаган жабдуу алынып, далил буюм катары кылмыш ишине тиркелди.

Иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

417
Белгилер:
акча, милиция, Алай району, кылмыш
Тема боюнча
УКМКда иштейм деп ТЭЦтен темир түтүк алып чыкмакчы болгон жигит кармалды
Бишкекте эки милиционер пара алып жаткан жеринен кармалды