Fit менен инспекторлордон качып кеткен айдоочу кармалып жазаланды

© AP Photo / J. Pat CarterАвтомобиль Honda Fit
Автомобиль Honda Fit - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдун каршы тилкеси менен келе жаткан айдоочу анын артынан инспекторлор келе жатканын көрүп, из жашырып кеткенге үлгүргөн.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкекте инспекторлордон качып, автоунаа жуучу жайдын дарбазасын сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККБнын маалымат кызматы билдирди.

Окуя март айынын башында Горький менен Беларусь көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

© © видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу
Fit менен инспекторлордон качып кеткен айдоочу кармалып жазаланды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жеңил автоунааны артынан кууган инспекторлордун видеосу

Автомобиль сгорел на пересечении проспектов Манаса и Жибек Жолу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте автоунаа күйүп кетти. Жеринен тартылган сүрөт, видео
Анда Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа Горький менен батышты көздөй бара жатып, Беларусь көчөсүнөн чукул бурулгандыктан айдоочу рулду башкара албай, дарбазаны сүзгөн. Анын артынан келе жаткан ЖКККБнын атайын машинасы да бурулуп, инспекторлор автоунаадан чуркап чыккан. Бирок айдоочу унаасын Горький көчөсүнө буруп, качып кеткен. Автоинспекторлор артынан кууп жетпей калган.

Милициядан качып кеткен айдоочу 30 жашта экенин аныкталды. Ага карата автоунаа жуучу жайдын ээси арыз жазды.

Эми айдоочу каршы тилкеге чыкканы үчүн 3000 сом айыпка жыгылат. Андан сырткары, окуя болгон жерден качып кеткени үчүн миң сом төлөйт. Ошондой эле жол кырсыгына себепкер болгону үчүн 5500 сом айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0