Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Бири-бирине таш ыргыткан. Баткендеги кыргыз-тажик чегинде чыр чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековПограничники Кыргызской Республики
Пограничники Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңжалдын чыгуусуна Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушу себеп болгон.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чегинде эки өлкөнүн жарандары чатакташып кетти. Бул туурасында Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.

Жаңжалдын чыгуусуна Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушу себеп болгону айтылат. Окуя бүгүн, 13-мартта, Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда болгон.

"70ке чукул тажикстандык менен 50 чамалуу кыргызстандык кишилер бири-бирин ташка алган. Жерине эки өлкөнүн тең чек арачылары барып чыр-чатакты токтотту. Андан соң Кыргызстандын жарандары Ай-Сай айылындагы жолду, тажик тарап Тор-Көчө айылындагы жолду жаап алышты", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кырдаалды эки тараптын чек арачылары көзөмөлдөп турат. Ошондой эле жетекчилери кырдаалды жөнгө салуу боюнча өз ара сүйлөшүшкөнүн билдирди Чек ара кызматы.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы кошумчаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0