Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

Кыргыз-тажик чырынан улам Баткен чек ара бөлүмү күчөтүлгөн тартипке өттү

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesЧек ара. Архивдик сүрөт
Чек ара. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аларды тынчтандыруу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргыз-тажик чырынан улам Баткен чек ара бөлүмү күчөтүлгөн тартипке өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан. Коңшу айылдын тургундары бири-бирин ташка алганы маалым.

Кечки саат 20.00дөн кийин эки өлкөнүн 200гө чукул жараны кайрадан бири-бирине таш ыргытышкан. Аларды тынчтандыруу үчүн чек арачылар асманга ок чыгарууга аргасыз болушкан. Бирок алардын аракетине карабастан, эки тарап катуу ызырынып турганы, тажик жарандары кыргызстандык кишинин үйүнө өрт коюп жибергени айтылат.

Ушу тапта абалды эки өлкөнүн чек арачылары жөнгө салууга аракет кылууда. Кырдаалдан улам жоокерлер күчөтүлгөн тартипке өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0