Бишкекте жол чийинден өтүп бараткан кызды унаа коюп кетти. Күбөнүн видеосу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖолдон өтүп жаткан кыз. Архив
Жолдон өтүп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция жол кырсыгы боюнча маалыматты тактап жатат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Борбор калаанын Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде жеңил унаа кызды коюп кетти. Бул туурасында окурман "Бишкек сегодня" Telegram каналына кабарлап, видеосун жиберди.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 15-мартта саат 16.25тер чамасында болгон. Кыз жол чийинден өтүп бара жатканда коюп кеткен. Видеодон көрүнгөндөй, кырсыктаган кызды эл курчап алган, астында кызыл түстөгү Honda Fit унаасы турат.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы жол кырсыгы боюнча тактап жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0