Баткенде прокурордун орун басары пара алып жатып кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКоррупция в государственных службах
Коррупция в государственных службах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшүрүлгөн жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Башкы прокуратура менен биргеликте Баткен райондук прокурорунун Т.Т. аттуу орун басарын пара алып жаткан жеринен колго түшүрдү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

2019-жылдын 13-январында Баткен шаарында Өзбекстандын эки жараны ижарага алган үйдүн өрттөнүшү боюнча тергөө жүргөн. Бир катар экспертизалардын жыйынтыгында өрт үйдөгү электр зымдарынын тийишүүсүнөн чыкканы белгилүү болгон.

2-февраль күнү "кылмыштын курамы жок" деген жүйө менен соттук өндүрүш токтотулуп, бул чечимдин мыйзамдуулугун Баткен райондук прокуратурасы карамай болгон.

"12-март күнү Т.Т. өзбек жарандарын чакырып алып, "эмгектенүүгө уруксат кагазыңар жок экен" деген доомат менен 30 миң сом талап кылган. Ошондой эле орун басар ушул суммага маселени алдардын пайдасына чечип бермекчи болгон", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошентип прокурордун орун басары 16-мартта өз кабинетинде өзбек жаранынан 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

Колго түшүрүлгөн жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, Жазыктар кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0