Өзгөн: курал менен ойногон 12 жаштагы өспүрүм агасын атып алды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСтендовая стрельба. Чемпионат мира. Смешанные команды. Трап
Стендовая стрельба. Чемпионат мира. Смешанные команды. Трап - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курал ошол эле үй-бүлөнүн 21 жаштагы уулунун атына катталган.

ОШ, 21-мар. – Sputnik. Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында 14 жаштагы баланын башына ок тийип, окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, каза болгон 14 жаштагы баланын 12 жаштагы иниси мылтык менен ойноп жаткан учурда атылып кетип, чачма ок кокусунан өспүрүмдүн башына тийген. Кырсык 20-март күнү саат 21:30 чамасында болгон.

"Райондук ички иштер башкармалыгына аталган окуя боюнча маалымат келип түшкөн. Ыкчам иликтөө бөлүмү барганда, иниси агасын аңчылык кылуу үчүн пайдаланылган 16-калибрдеги мылтык менен атып алгандыгы белгилүү болгон", — деди Аширбаев.

Случаи нападения в КР  - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаанын Үгүт айылында 11-класстын окуучусу бычак жеп каза болду
Курал ошол эле үй-бүлөнүн 21 жаштагы уулунун атына катталган. Бирок эреже боюнча туура эмес сакталганы үчүн аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Тартип коргоо органдарынын мүчөлөрү элге кайрылып, пайдаланууга уруксаты бар курал-жаракты атайын эрежелер менен сактоону дагы бир жолу эскертет. Шалаакылык же жоопкерчиликсиз мамиле адам өмүрүнө кооптуулук жаратышы мүмкүндүгүн кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0