Чүйдө жолтандабас сүзгөн киши көз жумду. Ал жолдун ортосунда бараткан

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдун четинде турган адам. Архив
Жолдун четинде турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 21-март күнү 21.30да болгон.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Алга айылына жакын жерде Lexus RX300 үлгүсүндөгү унаа эркек кишини койдуруп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 21-март күнү 21.30да Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 15-чакырымында болуп, жабырлануучу ошол жерден көз жумду.

"Жерине барган милиция кызматкерлери 31 жаштагы айдоочу менен сүйлөшкөндө, ал сүзүп алган киши унаа жолдун ортосу менен басып бара жаткандыгын айтты", — деп түшүндүрүштү милициядан.

Каза болгон адамдын ким экени аныктала элек, сөөгү Кант шаардык моргуна жеткирилди. Тиешелүү экспертизалар жасалып, автоунаа айып короого киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0