Чүйдө айыл өкмөт башчысы 1000 доллар пара алып жатып кармалды

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткаминердин жалпы жонунан 5 миң доллар талап кылганы айтылды.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу С.Д. 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, айыл өкмөт башчысы Ж.К. аттуу жарандын жерин башка бирөөгө өткөрүп берем деп коркутуп, 5 миң доллар талап кылган.

"2007-жылы Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы аянты 0,20 гектар жер участогу бекитилип берилген. Бирок жер участогу жергиликтүү органдарга катталбай калган. Мындан улам айыл өкмөт башчысы Ж.К. аттуу жарандын жерин башка бирөөгө өткөрүп берем деп коркутуп, 5 миң доллар пара талап кылган", — деп айтылат маалыматта.

Факты Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки териштирүү башталды.

Кармалган аткаминер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0