Аттракциондон кулаган кыз. Парк жетекчилиги окуянын чоо-жайын айтты

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүСейил бак. Архив
Сейил бак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан кийин парк администрациясына кыздын ата-энеси кайрылган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкектеги Панфилов атындагы парктын аттракциондорунда коопсуздук техникасы толук сакталып, кыз жөнөкөй эрежелерди сактабаганынан кулап кеткен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине парктын жетекчиси Дмитрий Петров айтып берди.

Чалкасынан кетиптир! Борбордогу аттракциондон жыгылган кыздын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Чалкасынан кетиптир! Борбордогу аттракциондон жыгылган кыздын видеосу
Буга чейин Instagram тармагында аттракциондон кырсыктаган кызды ак халатчандар замбилге салып алып кеткен видео тараган. Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдиргендей, кыз нейрожаракат бөлүмүнө жаткырылып, ага "баш мээси чайкалган" деген диагноз коюшкан. Абалы туруктуу.

Бир аздан соң редакциянын WhatsApp каналына кыздын кулаган видеосу келген. Видеокамерага түшүп калган кадрларда кырсыктаган кыздын бирөө менен кол кармашып келе жатканын, тең салмактуулугун жоготуп жерге жыгылып түшкөнүн көрүүгө болот.

"Парктагы аттракциондордун баарында коопсуздук техникасы сакталган — орунтуктун баары катуу бекитилип, кооптуу делген аттракциондордун отургучтарында экиден коопсуздук куру бар. Биз камераны карап, кыз өзү платформага олдоксон чыгып алганын көрдүк", — деди Петров.

Директор, мындан тышкары, жыгылган кыз узун көйнөк, бутуна шиш така кийип жүргөнүн белгиледи. Мындай кийим аттракциондорго түшүү үчүн өтө эле ыңгайсыз. Ошондой эле кадрларда кыздын кулашына экинчи бир кыздын жөөлөп кеткени да себеп болгону көрүнүп турат.

"Кыз эжесинин колун кармап бараткан, алардын ортосунан дагы бир кыз өтүп жөөлөп кеткен", — деди Петров.

Кырсыктан кийин парктын администрациясына кырсыктаган кыздын ата-энеси кайрылган. Камерага жазылып калган видеолорду көргөндөн кийин окуяда парк жетекчилигинин күнөөсү жок экенин мойнуна алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0