Өзгөндө теңтуштарынан ок жеген баланын абалы айтылды

© AFP / SHAH MARAIОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүмдөр ортосундагы жаңжал ушул жылдын 17-мартында Ош облусунун Өзгөн районунда болгон.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өзгөндө теңтуштары травматикалык тапанча менен бетке аткан баланын абалы учурда канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин 17 жаштагы бала ээги жана мойнуна ок жеп Өзгөн аймактык ооруканасына жаткырылгандыгы тууралуу маалымдалган.

Атышуудагы тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмоктогу атышуу: ички иштер министри башка органдарды да сындады
Окуя болгон жерге дароо укук коргоо органдары барып иликтөө жүргүзүшкөн. Анда жарадар болгон бала менен дагы үч өспүрүмдүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, ал мушташка айланган. Жыйынтыгында 16 жаштагы Д. уулу О. травматикалык тапанча алып чыгып У. уулу Н. аттуу жаранды бетке аткан. Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 266-беренесине ("Бейбаштык") ылайык иш козголгон.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, дарыгерлер ооруканага түшкөн өспүрүмдүн денесинен октун майда бөлүктөрүн алып чыккан. Ок өспүрүмдүн ээги менен жаагына тийген.

Учурда жаракат алган баланын абалы канааттандырарлык деп бааланды. Дарыгерлер ага амбулатордук дарылануу дайындап үйгө чыгарышкан. Ооруканага ал жараатын таңдыруу үчүн келип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0