Бишкекте кыйнап өлтүрүлгөн кишинин сөөгү табылып, шектүүлөр колго түштү

Жазылуу
Маркумдун сөөгү Тоголок Молдо менен Ташкент көчөлөрүнүн кесилишинен табылган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте адамды кыйнап өлтүрүүгө шектелген 18 жана 19 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 23-март күнү эртең мененки саат 8:30да 102 кызматына Тоголок Молдо менен Ташкент көчөлөрүнүн кесилишинен азиат улутундагы кишинин сөөгү табылганы боюнча маалымат түшкөн. Укук коргоочулар жерине барып 30-35 жаштагы киши кыйнап өлтүрүлгөнүн аныкташкан.

"Милиция кызматкерлери ошол эле күнү шектүү катары 18 жаштагы Р.П. жана 19 жаштагы Л.Н. аттуу адамдарды колго түшүрдү. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча иш козголуп Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге 130-берене ("Адам өлтүрүү") боюнча каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0