Унаасы жарылып каза тапкан Абасовдун жубайы: Кашкар Жунушалиевден эбак түңүлгөм

© Фото / из личного архива Айчурок АлисопиевойЧемпион мира по кикбоксингу Руслан Абасов
Чемпион мира по кикбоксингу Руслан Абасов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туура беш жыл мурда кыргыз спорту чоң жоготууга учураган. Кикбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Руслан Абасов отурган унаа жарылып, спортчу жан берген. Мындай үрөй учурган кылмыш Кыргызстанда алгач ирет катталганы айтылат.

Окуя 2014-жылы 27-март күнү кечке жуук Токмок шаарындагы кичирайондордун биринде болгон. Руслан Абасов айдап бара жаткан Toyota Land Cruiser унаасы жарылып, спортчу алган жаракатынан улам ооруканада эсине келбей үзүлгөн. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголгон. Иликтөө айдоочу отурган отургучтун алдына жардыруучу зат катылганын тастыктаган. Бүгүнкү күнгө чейин спортчуну өлүмүнө кириптер делген адамдар табылбай келет. ИИМ болсо иликтөө иштери жүрүп жатканын гана байма-бай эскертип турат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спортчуну эскерүү максатында Руслан Абасовдун жубайы Айчүрөк Алисопиева жана машыктыруучусу Александр Воинов менен маектешти. Ошондой эле ИИМден бул боюнча иштер кандай жүрүп жаткандыгына кызыкты. 

© Фото / из личного архива Айчурок АлисопиевойКикбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Руслан Абасов жана боксчу Константин Цзю
Унаасы жарылып каза тапкан Абасовдун жубайы: Кашкар Жунушалиевден эбак түңүлгөм - Sputnik Кыргызстан
Кикбокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Руслан Абасов жана боксчу Константин Цзю

Алгач спортчу тууралуу учкай кеп

Руслан Абасов 1976-жылы 15-ноябрда Токмок шаарында туулган. Токмок техникалык институтунун экономика факультетин аяктаган. Спорттун алгач күрөш, бокс, ушу-саньда түрлөрү менен машыгып жүрүп, кикбокска толугу менен өткөн.

Бою 196 сантимиметр болсо, күчкө толуп турганда салмагы 115 килограмм болгон. Рингге "Гермес" каймана аты менен чыккан.

Спорттогу жетишкендиктери:

  • 1996-жылдан тарта "Гермес-Профи" клубунун тарбиялануучусу;
  • 1997-2005-жылдары КРдин курама командасынын мүчөсү;
  • Кикбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, КРдин эмгек сиңирген спорт чебери;
  • Кикбокс боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында дүйнөнүн 2 жолку (1999, 2003) жана Азиянын бир жолку (2003) чемпиону;
  • "Барс" версиясы боюнча Дүйнө кубогун уткан (2002);
  • Кикбокс боюнча профессионалдар арасында эки жолку Евразия чемпиону (2003, 2008);
  • WBKF версиясы боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону (2005);

ИИМдин жообу мурдагыдай...

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Руслан Абасовдун иши боюнча коомчулукка айта турчу жаңы версиялар жок экендигин билдирип, кененирээк комментарий берүүдөн баш тартты. 

"Тергөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин да жүрүп келген. Элге айта турчу жаңы маалыматыбыз жок. Спортчунун өлүмү боюнча көптөгөн версиялар айтылып, алар текшерилип келет", — деди Осмонбаев.

Ал ошондой эле тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу айрым нерселер ачыкталбай турганын кошумчалады.

Воинов: Русландын өлүмүн эстөө оор

Руслан Абасовду кикбостагы бийик даражаларга жеткирип, жашоодо аталык да милдетин аткарган машыктыруучусу Александр Воинов алгач окуучусу менен кантип таанышып калганын айтып берди. 

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаРуслан Абасовду кикбостагы бийик даражаларга жеткирип, жашоодо аталык да милдетин аткарган машыктыруучусу Александр Воинов
Унаасы жарылып каза тапкан Абасовдун жубайы: Кашкар Жунушалиевден эбак түңүлгөм - Sputnik Кыргызстан
Руслан Абасовду кикбостагы бийик даражаларга жеткирип, жашоодо аталык да милдетин аткарган машыктыруучусу Александр Воинов

"Мен аны алгач 9-класста окуп жүргөндө көрдүм. Узун, арык, эч кимге байкалбаган, анан күлкүлүү бала эле. Башында Токмокто машыгып жүрчү, кийин шаарга алып келип алдым. Машыгууларын калтырбаган, тил уккан, тартиптүү бала болчу. Барган сайын салмагы өсө берди. Руслан клубдан күчтүү спарринг-өнөктөштөр менен машыкты. Алгач 75 килограмм кезинде Малик Борбашев менен, 80 килограмм кезинде Али Порсуков менен, 90 килограмм болгондо Ануар Ибраев аттуу кикбоксчулар менен машыккан. Алар Русланды аячу эмес. Натыйжада аны рингде чыдамкай, эр жүрөк болууга үйрөтүштү. Кийин салмагы 115 килограммга чейин өстү, бою эки метрдей болчу", — деди машыктыруу.

Воинов Абасов күйөрмандын эсинде супер оор салмакта мыкты беттештерди тартуулаган кикбоксчу катары эсте калганын белгилеп, ал карьерасын аяктагандан кийин эмне менен алектенгенин айтып берди.

Экс-глава президентской администрации Медет Садыркулов - Sputnik Кыргызстан
Душманга каалабаган өлүм, ишке ашпай калган план. Медет Садыркулов жөнүндө 6 факты
"Бардык эле спортто чоң салмактагы балдар боло бербейт. Руслан убагында кыйын мушкерлерди утуп, бир нече курду жеңип, элге тааныла алган. Жада калса Казакстандан батир сунуштап, биздин мамлекеттин атынан чык деп чакырышкан. Албетте ал мындай кадамга барган эмес. Андан кийин Руслан үйлөндү. Биз ага ар дайым жардам берип турчубуз. Эсимде, жаш кезинде мелдеште жүргөндө жубайы төрөп, өзүм барып чыгаргам. Спорттук карьерасын жыйынтыктагандан кийин ишкерлик менен алектенди. Жаныбарларды аябай жакшы көрчү. Өзгөчө ал балыктардын түрүн жатка билип, аквариумдан көрсө адашпай айтып берчү. Анан да аңчылыкты сүйчү. Ал жаныбарлардын түрүн алып келүү, көбөйтүү сыяктуу долбоорлорду ишке ашырам деп максат кылып жүргөн", — деп эскерди машыктыруучу.

Воинов тарбиялаган окуучусунан ажыраган күндү эстөө кыйын экендигин айтып берди.

"Жашоо деген ушундай экен, биз аны жоготуп алдык. Окуя болгон жерге жетип барып, аны жарылгандан кийинки абалын көрүү кыйын эле болду. Өлүкканадан жууп-тазалап беришти. Мен көргөн нерсени эч ким көрбөгөн чыгар. Ал учурду элестетүү оор. Русландын өлүмү тууралуу ар кандай пикирлер айтылды. Курулай бирөөнү күнөөлөө да болбойт. Мен бул кылмыштын бетин ачуу мүмкүн болбой жатат дегенге ишенбейм. Себеби адамды жардырып жиберүү деген окуя өтө сейрек. Күнөөлүүлөр табылып, жазасын аларына ишенебиз", — деди Воинов.

Ал жыл сайын Токмокто Руслан Абасовдун элесине арналып эл аралык мелдеш өтүп турарын кошумчалады. 

© Фото / из личного архива Айчурок АлисопиевойАлисопиева күйөөсүнүн кылмыш иши узап кеткенин, али күнгө чейин күнөөлүүлөр табылып каларынан үмүтү чоң экендигин кеп кылды
Унаасы жарылып каза тапкан Абасовдун жубайы: Кашкар Жунушалиевден эбак түңүлгөм - Sputnik Кыргызстан
Алисопиева күйөөсүнүн кылмыш иши узап кеткенин, али күнгө чейин күнөөлүүлөр табылып каларынан үмүтү чоң экендигин кеп кылды

Спортчунун жубайы: ИИМди Кашкар Жунушалиев келгенден бери аттай элекмин

Маркум Руслан Абасовдун жубайы Айчүрөк Алисопиева менен да байланышууга мүмкүнчүлүк болду. Бирок ал жолдошу тууралуу кенен айтып берүүгө психологиялык жактан даяр эместигин белгилеп, үстүртөн жооп берип, өзүнүн жана балдарынын сүрөтүн жиберген жок. Ошондой эле буга чейин журналисттер менен маектешүүгө макул болбой келгенин белгиледи.

Алисопиева күйөөсүнүн кылмыш иши узап кеткенин, али күнгө чейин күнөөлүүлөр табылып каларынан үмүтү чоң экендигин кеп кылды. Ал Кашкар Жунушалиев 2016-жылы Руслан Абасовдун өлүмүнө шектүүлөр бар экендигин айтып, бирок бул маалымат кийин туура эмес болуп чыкканын айтып берди.

"Руслан өлгөн убакта ИИМде эле "жашап" калгам. Посттогулар паспорт сурабай киргизип калган. Кайрылбаган жерим калган эмес. Президентке чейин кат жолдогом. Ар кандай версиялар айтылып, ошолор боюнча чуркап жүрдүк. Андан бери канча министр алмашты. Бирок мен Кашкар Жунушалиев келгенден бери министрликке кире элекмин. Мен ал кишиден түңүлгөн жайым бар. 2016-жылы кызматка жаңы орношуп, маалымат жыйын берип жатканда Русландын өлүмүнө буйрутма берген шектүү адамдар бар деп айткан. Мен эртеси Жунушалиевге жолугайын деп барсам, орун басары Мирлан Каниметов "ал (министр — ред.) адашып, туура эмес сүйлөп алыптыр, кылмышка шектүүлөр жок" деди. Кантип бакыйган адам ушинтип айтканын төгүндөп коет? Ошондон кийин эшигин аттаган жокмун. Бирок бир күнү күнөөлүүлөр табыларына ишенем", — деди спортчунун жубайы.

Айчүрөк Алисопиева жолдошунун өлүмүнө эмне себеп болгону өзүнө да табышмак экендигин айтып берди.

Медет Садыркулов каза болгон унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы унаа жардыруулар жана чуулуу жол кырсыктары
"Руслан таза жүргөн адам болчу. Ал кылмыштуу топко мүчө болбогонун ИИМден да тастыкташкан. Карьерасын жыйынтыктагандан кийин ишкерлик, аңчылык чарбасы, жаныбарларды сырттан ташып келүү боюнча долбоорлору менен алектенип жүргөн. Бетке айткан адам эле. "Ата Мекен" партиясына мүчө болуп турганда браконьерлик боюнча пикирлерин айткан. Күйөөм мындай өлүмгө татыктуу эмес болчу. Аны жардырган адам Русланга тике карай албаган, коркок адам болсо керек. "Бүткөн бандит" деле болсо унаадагы аялы, артында калган үч баласы тууралуу ойлонмок. Биз ал күнү тоого чыгабыз деп азык-түлүк сатып алып, Токмоктун бир районунан чыгып келе жатканбыз. Унаабыз жүрүп баратып эле жарылып кетти... Кырсык болгон учурду эстөө өтө эле оор", — деди Алисопиева.

Ал маектин соңунда балдары тууралуу кеп кылды. Жубайлардын улуу баласы Темирлан 15, кызы Лейла 12, ал эми кичүү уулу Руслан 8 жашка чыгып калган экен. Бардыгы тең түрк лицейинде билим алышат. Айчүрөк Алисопиева чакан ишкерлик менен алектенип үй-бүлөсүн багат. Кайын журту менен жолдошу тирүү кезде эле катышкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0