Орзубек Назаров ИИМди соттон утуп алды. Милиционерге чыккан өкүм

© Sputnik / Табылды КадырбековСемикратный чемпион мира по профессиональному боксу Орзубек Назаров
Семикратный чемпион мира по профессиональному боксу Орзубек Назаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу ИИМден 10 миллион сом талап кылган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги менен соттошуп жаткан Орзубек Назаров утуп чыгып, министрликтен моралдык жана материалдык чыгым төлөтүп алмай болду. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту Мирлан Термечиков чыгарды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 19-август түнү досу менен мотоциклде бара жаткан Аделина Назарова Бишкектин чок ортосунда жеңил унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен мотоциклди айдап бара жаткан 21 жаштагы жигит каза болгон. Жеңил унаанын ичиндеги үч киши да жаракат алып, кийинчерээк бирөөсү көз жумганы айтылган. Ал эми Аделина 10 күндөй комада жаткан.

Текшерүүдөн кийин прокуратура мотоциклдин артынан кызматтык унаасы менен эки милиционер куугунга түшкөнүн аныктап берген. Мындан улам жаштар ылдамдыкты күчөтүп, кырсыкка кабылган.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоңдо мас киши 16 жаштагы уулуна бычак шилтеп, кесилип кетти
Назаров Ички иштер министрлиги өз кызматкерлери үчүн жоопкер экенин айтып, айып дал ушул мекемеге тагылышы керектигин белгилеген. Спортчу министрликтен 10 миллион сом талап кылган.

Сот айыпталып жаткан У.С. аттуу милиция кызматкерин кызматтык абалынан аша чаап, жетекчиликке эскертүү бербестен постунан чыгып, мотоциклдин аркасынан кубалаганы үчүн күнөөлүү деп тапты. Мындан тышкары, ал айдоочу гана болгондуктан унааларды текшерүүгө акысы жок болчу. Ал жол эрежесин бузду деп эсептелип, үч жылга эркинен ажыратылган.

Ш.У. аттуу милиционердин күнөөсү тастыкталган эмес. Ошондой эле сот мотоциклдин айдоочусун дагы жол кырсыкка айыптаган жок.

Өкүмгө ылайык, Ички иштер министрлиги Орзубек Назаровго материалдык чыгым үчүн 156 миң, моралдык чыгым деп 100 миң сом төлөп бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0