Сабалып сууга ыргытылган жигиттин сөөгү чирип кеткен. Чүйдөгү чуулуу окуя

Жазылуу
Соттук-медициналык экспертиза маркумдун кандай жагдайда көз жумганын так аныктай алган эмес. Себеби 15 күндөн кийин суудан табылган маркумдун сөөгү чирип кеткен.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жигитти катуу сабап, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген үч достун ар бири тогуз жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 2017-жылдын соңунда Чүй облусундагы айылдардын биринде болгон (окуянын каармандарынын ысымдары өзгөртүлүп берилди).

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоңдо мас киши 16 жаштагы уулуна бычак шилтеп, кесилип кетти
Соттолуучулардын бири Канатбек төрт бейтааныш киши менен көчөдө арак ичип отуруп, уруша кеткен. Мындан улам ал Бишкектеги Элзар жана Азим аттуу досторуна телефон чалып жардамга чакырган. Алар чыр-чатак болгон жерге келгенде балага кол көтөргөндөрдүн үчөө качып кетип, бирөө эле калып калган. Өч алууну көздөгөн үчөө Жанарбекти катуу ур-токмокко алып, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберишкен.

Сот отурумунда шектүүлөрдүн бирөөсү кылганын жарым-жартылай моюндаса, калган экөө четке каккан.

Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза маркумдун кандай жагдайда көз жумганын так аныктай алган эмес. Себеби 15 күндөн кийин суудан табылган маркумдун сөөгү чирип кеткен.

Фемида өкүлдөрү соттолуучулардын буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын жана кичинекей балдары бар экенин эске алуу менен ар бирин тогуз жылга темир тор артында калтырды. Мындан сырткары, моралдык зыян үчүн 200 миң сом төлөмөр кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0