Чүйдө поезд жеңил унааны сүзүп, эки киши каза тапты. Сүрөт

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүСтолкновение поездов
Столкновение поездов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын алдын ала берген маалыматы боюнча темир жолдун кырсык болгон бөлүгү кайтарылбайт, трасса менен кесилишкен жеринде шлагбаум да жок.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Чүйдүн Москва районунда поезд Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткенин, кичинекей балага жардам көрсөтүлгөнүн окуяга күбө болгон адам Facebook баракчасына жарыялады. 

Маалыматты Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, кырсык 31-март күнү саат 10.00дөр чамасында болгонун айтып берди.

"Окуя Москва районундагы Бишкек — Ош трассасынын параллель жолунда болгон. Honda Accord темир жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган. Бирок батышты көздөй бараткан поезд унааны кагып кеткен. Темир жолдун кырсык болгон бөлүгү кайтарылбайт, трасса менен кесилишкен жеринде шлагбаум жок", — дешти милициядан.

Каргашанын кесепетинен эки киши мүрт кетип, үч адам ооруканага жеткирилген. Баары тең Honda Accord машинасында болгон. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0