Партия героина изъятые у задержанных троих граждан соседних стран в аэропорту Оша

"Ош" аэропортунан 3 кг героинди Россияга жөнөтмөкчү болгондор кармалды

301
(жаңыланган 14:41 02.04.2019)
Кармалган кишилер Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 30-мартта "Ош" эл аралык аэропортунан коңшу мамлекеттердин биринин жарандарын (26, 33, 32 жашта) кармашкан.

  • В аэропорту Оша задержали троих граждан соседних стран с партией героина
    Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 30-мартта Ош эл аралык аэропортунан коңшу мамлекеттердин биринин жарандарын (26, 33, 32 жашта) кармашкан
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Партия героина изъятые у задержанных троих граждан соседних стран в аэропорту Оша
    Такталган маалымат боюнча кылмыштуу топ Кыргызстандан Россияга баңгизатын жеткирүүнү көздөшкөн
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • Партия героина изъятые у задержанных троих граждан соседних стран в аэропорту Оша
    Багажды текшерүү учурунда жашыруун сактоочу жай табылып, жалпы салмагы 3 килограммдан ашык 57 брикет табылган.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 30-мартта Ош эл аралык аэропортунан коңшу мамлекеттердин биринин жарандарын (26, 33, 32 жашта) кармашкан

Такталган маалымат боюнча кылмыштуу топ Кыргызстандан Россияга баңгизатын жеткирүүнү көздөшкөн.

"Багажды текшерүү учурунда жашыруун сактоочу жай табылып, жалпы салмагы 3 килограммдан ашык 57 брикет табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча табылган заттар героин болуп эсептелинет", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган кишилер Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта УКМК бул кылмыштын уюштуруучуларын жана ага тиешеси бар башка адамдарды кармоо аракеттерин көрүп жатат.

301
Белгилер:
Ош, Россия, героин, баңгизат, УКМК
Тема боюнча
УКМК: мөөр басып берүү үчүн алты кишиден 900 доллар алган чек арачы кармалды