Бизнесменден 830 миң сом пара талап кылган. Финпол шектүүнү кармады

Жазылуу
Кылмышка "Жалал-Абад Электро" ААКнын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы шектелүүдө. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына М.Б. аттуу жеке ишкер арыз менен кайрылган. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекеттик кызматтын билдирүүсүнө таянсак, ишкер "Жалал-Абад Электро" ААКнын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы К.Тга карата арызданып келген.

"Сурамжылоонун жүрүшүндө К.Т. кызматтык абалынан пайдаланып башка жоопкерчиликтүү адамдар менен сүйлөшүп, ишкерден акча талап кылганы аныкталды. Электр өткөрүү линияларын куруу боюнча тендердин алкагында ал 830 миң сом пара сураган", — деп жазылат маалыматта.

Почти 600 тыс сомов изъяли в игорных клубах Бишкека — видео спецоперации - Sputnik Кыргызстан
100 миң доллар уттурган жигит. Бишкекте кумар оюндары өткөн жайлар текшерилди. Видео
Аталган факты Кылмыш жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 238-беренесинин 2-бөлүмү ("Мыйзамсыз негизде сый акы алуу") боюнча каттоого алынган.

"Финпол кызматкерлеринин сотко чейинки териштирүүлөрүнүн жүрүшүндө ишке аралашкан бардык адамдардын жашаган жери белгилүү болуп, тергөөгө катышуусу камсыз кылынды. Мындан сырткары, М.Бнын К.Тга пара катары берген акчалай которуу төлөмдөрүнүн банктык квитанциясы алынды", — деп жазылат маалыматта.

Учурда бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0