Ак көйнөкчөн жигит ЦУМдан эки сатуучуну жаткыра чапты. Видео

Жазылуу
Instagram социалдык тармагына жигит эки кишиге сокку урган видео жарыяланды. Окуя колдонулган уюлдук аппараттар сатылган ЦУМдун алдыңкы кабатында болгон.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Борбор калаанын "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүндө бир жигиттин эки сатуучу менен мушташа кеткен видеосу тарады.

Кадрдан ак көйнөк кийген жигит пиджагын витринага коюп, эки кишинин жанына келгенин көрүүгө болот. Ал алгач биринчисин, андан кийин экинчисин жаткыра чапкан. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от NEWS Kaiguul 🇰🇬 (@news_kaiguul)

Мушташкандарды ошол жердеги адамдар ажыраткан. Окуя ЦУМдун алдыңкы кабатында болгон.

Универмагдын директору Михаил Михин мушташ ак көйнөкчөн жигит менен эки сатуучунун ортосунда чыкканын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Окуя эки күн мурда болгон. Учурда биздин күзөт кызматыбыз окуянын чоо-жайын териштирип жатат", — деди Михин.

Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы кийинчерээк маалымат берерин айтышты.

Эске салсак, өткөн жылдын 28-августунда ЦУМдун ошол эле алдыңкы кабатында сатуучу сатып алуучуну сабап салган. Натыйжада жабырлануучу каза тапкан. Факты боюнча кылмыш иши козголгон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0