Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четиндеги вагонду сүзүп, ошол жерде каза болгон

Өзгөндө вагонду сүзгөн айдоочу мүрт кетти. Тамтыгы чыккан унаанын сүрөтү

448
(жаңыланган 12:51 05.04.2019)
42 жаштагы жүргүнчү ооруканага жеткирилди.

ОШ, 5-апр. – Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четиндеги вагонду сүзүп, ошол жерде каза болгон. Бул тууралуу облустук жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

51 жаштагы айдоочудан сырткары жанындагы 42 жаштагы жүргүнчүсү жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.

  • Последствия ДТП, где водитель на Daewoo Nexia врезался в вагон в селе Мырза-Аке в Узгенском районе
    Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четиндеги вагонду сүзүп, ошол жерде каза болгон
    © Фото / Зульфия Тургунова

1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол четиндеги вагонду сүзүп, ошол жерде каза болгон

Кырсык 4-апрель күнү саат 17:55тер чамасында Өзгөн — Мырза-Аке жолунун 8-чакырымында болгон.

Райондук милициянын тергөө кызматы тиешелүү экспертизаларды дайындап, кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенүүдө.

448
Белгилер:
оорукана, өлүм, кырсык, Өзгөн, Ош облусу
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (178)
Тема боюнча
Бишкекте эки автоунаа кагышты. Жабыркагандарды алып чыгып жаткандагы видео
Өзгөндө унаа коюп кеткен 46 жаштагы киши мүрт кетти