Башы оюлуп калган ымыркайдын энеси: доктурларга эки дооматым бар!

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональный центр охраны материнства и детства
Национальный центр охраны материнства и детства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач дарыгерлер "энесинин ичинен өлүп калды" деген ымыркай медайымдар жууп жаткан кезде дем ала баштаган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. 18-март күнү Токтогул шаарындагы төрөт үйүнөн курсакта жатып башынан катуу жаракат алган наристе учурда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып жатат. Sputnik Кыргызстан редакциясынын кабарчысы ооруканага баш багып, баланын энеси Акылай Мырзабековадан окуянын чоо-жайын угуп келди.

Барсак келин палатада баласын колуна алып отурган экен. Улам-улам чекесинен сүйүп, "байкушум, дагы деле алсыз" деп жалаяк менен улам-улам кымтып жаап жатты.

Жаш эне макул болбогондуктан, бул ирмемдерди сүрөткө тарта алган жокпуз.

Бала өзү эмчек эме албайт экен, энеси саат сайын сүт саап, 30 граммдан ичирип жатканын айтып берди.

Келин төрөт үйүнө 18-март күнү эртең менен толгоосу башталганда барган.

"Баланын келип калганын сезип турсам дагы такыр төрөй албай койдум. Түш ооп, алым кете баштады. Ошондо дарыгерлер ваакум деген аппарат менен сордуруп, курсагымды сыгып дагы көрүштү. Жыйынтык чыккан жок. Бир маалда баланын жүрөгү сокпой калды дешкенин уктум. Ошондо бала болбосо дагы өзүн сактап калалы дештиби, айтор, хирургду чакыртышты. Түшүнгөнүмө караганда, баланы кескилеп алып чыгалы деп ойлошту окшойт", — деди Мырзабекова.

Келиндин айтымында, хирург келип жаңыдан бир нерсе кыла баштаганда, баланын кайра өйдөлөп кеткенин сезген. Ошол учурда дарыгерлер ымыркайды операция жолу менен алып чыгууну чечишкен.

Руководитель общественного объединения Иссык-Кульской области Равенство Гульмира Казакунова - Sputnik Кыргызстан
Казакунова: кош бойлуу кезимде бутум баспай, наристемди көрбөй калдым...
Ал эми ымыркайдын тирүү экени аны өлүк деп ойлоп жууп жатканда билинген.

"Дарыгер менин курсагымды тигип жатканда, медайымдар баланы жуунтуп, үй-бүлөсүнө сөөгүн даярдап берели деп ары алып кетишиптир. Муздак сууга жуудубу же жылуубу, ким билсин, ошол маалда баламдын денесине кан жүгүрүп, дем ала баштаптыр. Жылытууга аракет кылып, жылуу нерселерди баскыласа керек, сол бутунун тизеси күйүп калыптыр. Азыр жакшы болуп калды", — деди келин.

Бишкектеги дарыгерлер баланы жолго алып чыгуу кооптуу деп эсептегендиктен, Токтогул шаарында бир апта кармалып, борбор калаага санитардык авиациянын жардамы менен 25-мартта алып келинген.

Ымыркай азыр дарыланып жаткан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев баланын абалы учурда жакшы экенин, келе жаткан аптанын башында үйүнө чыгарын айтты.

"Бөбөк биздин ооруканага 25-март күнү түшкөн. Анда абалы өтө оор болчу. Баланын салмагы чоңураак, 4 килограмм 600 грамм болгондуктан, энеси төрөй албай кыйналып калыптыр. Ошол маалда гинекологдор ваакум аппараты менен тарттырып алууга аракет кылганда башы жаракат алган окшойт. Бирок мээси, баш сөөгү жабыркаган эмес. Биз текшердик. Башка патологиясы дагы жок", — деди Узакбаев.

Бирок наристе үч айдан кийин кайрадан текшерүүдөн өтүүсү зарыл.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала сатты делген гинекологдор. Ымыркайлар кантип соодаланган?
Үй-бүлө баласы эмне себептен мындай абалга туш болгондугун түшүндүрүп бергиле деген доомат менен төрөттү кабыл алууга аракет кылган гинекологдун үстүнөн арыз жазган.

"Кайненем, апам, жолдошум, өзүм болуп, ары барып кайра келдик. Ата-энелерибиз жашы өтүп калган кишилер, кан басымы көтөрүлүп, жатып калышты. Алгач "бала өлүп калды", кайра "тирилип кетти" дегени туугандарыбыздын баарын шок кылыптыр. Албетте, дарыгерлер күнөөсүн сезсе дагы эч нерсени мойнуна албай жатат. Негизи төрөй албай жатат деп жаңы айтканда эле үй-бүлөм кесарево кылып бергиле деп суранган. Дарыгерлер ошол өтүнүчүбүздү аткарбай, ушунча кишини кыйнаганына нааразыбыз", — деди Мырзабекова.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясынын жетекчиси Кылычбек Жолдошов аталган факты боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирди.

"Токтогул шаарынын төрөт үйүндөгү окуя боюнча бизге арыз түшкөн. Ошол замат "Шалаакылык" жана "Ден соолукка залал келтирүү" беренелери менен кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат", — деди милиция жетекчиси.

Бала көтөргөн келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Денесинен 16 ийне табылган бала. Өзбекстандык бөбөк кантип жашап жатат
Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дагы кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын өлкөнүн башкы гинекологу Раиса Асылбашева кошумчалады.

"Токтогул шаарынан бардык документтерди алдырып жатабыз. Атайын комиссия түзүлүп, окуя баштан-аяк тыкыр иликтенет. Эгер ата-эненин айыптоосу тастыктала турган болсо, кызматкерлер тиешелүү жазасын алат. Муну көз жаздымда калтырбайбыз", — деди Асылбашева.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуяга көз салып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0