Таласта КамАЗ милициянын унаасын сүзүп, инспектор каза тапты

© Sputnik / Евгений ОдиноковТорговая сеть "Л'Этуаль" в Москве
Торговая сеть Л'Этуаль в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип сакчысынын артында үч бала калганы айтылды.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Таласта КамАЗ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кайгуул унаасын капталынан сүзүп, анын кесепетинен инспектор каза болгонун облустук милициядан билдиришти.

Кырсык Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында 5-апрель күнү болжол менен саат 23.00дө болгон.

"Үч кызматкер түшкөн милициянын машинасы негизги трасса менен бараткан. Солго бурулганда жүк ташуучу унаа койдуруп кеткен.  Дарыгерлер 46 жаштагы инспектор ооруканага жеткичекти эле үзүлүп кеткенин айтышты. Эки кесиптешинин жаракаты жеңил. Кырсык болгон маалда инспекторлор кызматында болчу", — дешти милициядан.

Маркумдун артында үч баласы калды.

Кырсык фактысы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0