Москвада көчө шыпырып иштеген кыргызстандык бычакталды

© Sputnik / Максим БлиновКөчө шыпыргыч. Архив
Көчө шыпыргыч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аны өлтүрүүгө аракет кылды деген шек менен Россиянын жараны айыпталууда.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Москвада көчө шыпыргыч болуп иштеген кыргызстандык киши көкүрөк тушка бычак жеди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстандан келген эмгек мигранттарынын WhatsApp тайпасында азиат түспөлүндөгү кишинин бычакталган видеосу тараган.

Шектүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноокенде 7 жашар баланы уурдап, 120 миң доллар үчүн өлтүрүп салышты
ИИМдин ырасташынча, 4-апрелде полицияга мушташ болгону тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерден 54 жаштагы кыргызстандык табылган. Ал турак жай коммуналдык чарба кызматында иштей турганы маалым болгон. Жабырлануучу кийин ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча шектүү катары туруктуу жумушу жок 55 жаштагы Россиянын жараны кармалды.

2019-жылдын 5-апрелинде бул окуя боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

ИИМден маалымдашкандай, күнөөлүү жоопко тартылат. Алар эмне себептен чатакташа кеткени азырынча маалымдала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0