"Хирург" 6500 доллар алып качып кеткен. Шектүү Сокулуктан кармалды

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперацияга даярданып жаткан хирург. Архив
Операцияга даярданып жаткан хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Алдамчылыкка шектелген киши Сокулук районунан кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

2019-жылдын февраль айынын аягында 38 жаштагы аял милицияга кайрылып чала тааныш Улан аттуу кишиге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Үстүбүздөгү жылдын январь айында бейтааныш адам аялга өзүн кардиохирург катары тааныштырып, 6500 долларын алган бойдон изин сууткан.

Факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.

"Шектүү катары 45 жаштагы киши колго түштү. Ал буга чейин ушундай эле кылмышка айыпталып, камалып чыккан. Ал өзүн медицина кызматкери катары тааныштырып, элден акча алып жүргөн. Сот аны камакка алуу чечимин чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Милиция шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун иликтеп жатат. Эгер сиз дагы бул адамга алданган болсоңуз, милицияга 0 (312) 60-15-67, 0 (707) 28-12-12, 0 (755) 81-71-87 номерлери аркылуу кабарлаңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0