Тооктун айынан кызы менен энесин бычактаган кошуна. 90-жылдардагы кылмыштар

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги 25 жыл мурда апрель айында чыккан гезиттерди барактап, ошол кездеги чуулуу кылмыштарды жарыялайт.

Бул ирет адам өмүрүн алган, ири чыгымга учураткан эргулдардын былыктары тизмектелди.

Күрөөгө коюлган киши

Эркек адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Киши колдуу болгон жигиттин сөөгү чирип кеткен. Марттагы соттук чечимдер
Ноокен районунун акиминин көрсөтмөсү менен жеке ишкер кытайлык соодагерлерге 60 тонна паxта жүктөп берген. Ал эми продукцияны алгандар акчасын тез арада алып келебиз деп убадалап, күрөөгө бир адамды таштап кеткен. Жеке ишкер чет элдиктер менен эч бир келишим түзгөн эмес. Ал күрөөгө коюлган кишини бар айдай багып, кийин достору качан келип тыйын таштай турганын сураган. "Туткундагы" адам ал кытайлыктарды тааныбай тургандыгын, алар менен көчөдө жөн гана арак ичип отуруп чогуу келгенин билдирген. Ошентип дыйкан акчадан куру жалак калган. Же иттен жок, же ит байлаган жиптен жок калган ишкердин бир жагынан чууулуу, бир жагынан күлкүлүү окуясы Жогорку Кеңешке чейин жеткен.

Алтынга жакын погончондор

Казармандагы алтын байытуучу ишканадан милиция кызматкери курамында алтын бар 38 килограмм затты уурдап, кийин аны сатып жаткан жеринен УКМК кызматкерлери колго түшүргөн. Андан көп өтпөй камакта жаткан милиционердин кесиптеши 85 килограммга жакын алтын менен Бишкек шаарында кармалат. Ал "Манас" эл аралык аэропортунда чекисттердин кылтагына илинип, үйүндө тинтүү жүргүзгөндө дагы 10 килограмм алтын, 320 грамм өлчөмүндө гашиш табылган. Сот кылмышкерлерди беш жана жети жылдан эркинен ажыраткан.

Цистернада ташылган баңгизат

Пресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев - Sputnik Кыргызстан
78 жаштагы энесин сабап... Оштогу "Кылмыштын алдын алуу күнү" тууралуу маек
Тажикстандын Хорогунан чыккан бензин ташыган унаа Ош шаарына ири көлөмдө баңгизат алып келе жаткан. Укук коргоо кызматкерлери атайын операция өткөрүп автоунааны колго түшүргөн. Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин аркасында цистернанын ичинен 17 килограммга жакын апийим табылган.

Шылуун жубайлар

Күйөөсү калаадагы батирлерге ууруга кирип жүрүп, ал ишке кийин келинчегин да тарткан. Жубайлар далай тургундарды курутканы айтылат. Алар баалуу буюм, акчадан тарта тамак-ашка чейин алып из жашырып келген. Буга чейин соттолгон "амалкөй үй-бүлө" өмүрүнүн беш жана жети жылын темир тор артында өткөрүшкөн.

"Романтик ууру"

Чет элдик бийкеч Кыргызстанга ишкерлик менен алектенгени келип, борбор калаада эс алуу үчүн ресторанга барган. Ал жактан тамактанып, жергиликтүү жигит менен таанышып экөө бийкечтин мейманканадагы бөлмөсүнө түнөгөнү жөнөшкөн. Эртең менен ишкер ойгонуп бейтааныш "жигити" менен кошо сумкасындагы 1 миллион 500 миң рублин таппай калган.

Зөөкүр кошуна

Шектүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноокенде 7 жашар баланы уурдап, 120 миң доллар үчүн өлтүрүп салышты
Спорттун бир нече түрү менен машыккан 32 жаштагы эркек 62 жаштагы кошуна аялды жана анын кызын өз үйүндө сабап өлтүргөн. Анысы аз келгенсип, бычак менен сөөктөрдү майдалап кескилеп мүшөккө салып, Чоң Чүй каналына ыргытып жиберген. Мындан сырткары, маркумдун үйүндөгү оокаттарды уурдап четинен сата баштаган. Милиция алардын ортосундагы чыр жоголгон тооктордун айынан чыккандыгын тактаган. Жыйынтыгында зөөкүр соттун чечими менен атууга кеткен.

Өтүп кеткен март айындагы соттук чечимдерди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0